Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси К.Курманбаевдин катышуусу менен Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту

3166

2020-жылдын 12-декабрь күнү Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигин кызматкерлери Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси К.Курманбаевдин катышуусу менен Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу/дайыма жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Элчилик тарабынан 2021-жыл Кыргыз Республикасынын жана анын Элинин келечеги үчүн маанилүү жыл болуп саналарын белгиленген. 2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Элчилик Тажикстанда окуп жаткан Кыргыз Республикасынын студенттерине, жарандарына кайрылып, ушул маанилүү саясий иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган Күнүнө карата, Тажикстандын жогорку окуу жайларында окуган кыргыз студенттери тарабынан Ч.Айтмадовдун чыгармаларынан үзүндүлөрү окулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK