2018-жылдын 18-20 сентябрында Львов шаарында 25-Китеп форуму жана 13-Эл аралык адабият фестивалы болуп өттү.

4217

Аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов “Потоцких” атындагы байыркы хан сарайында украин тилине алгачкы жолу которулган, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан турган китепти жана кыргыз улуттук жомокторун китеп күйөрмандарына сунуштады.

Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда”, “Чынгызхандын ак булуту”, “Уул менен кездешүү” аттуу чыгармалары которулуп, бир китеп чыгарылган. Китептин бет ачаарына Киев шаарынын Улуттук жазуучулар союзунун Төрагасы В.Даниленко, котормочу М.Васькив, китеп чыгаруучу В.Зеленьский, Г.Сковорода атындагы Улуттук педагогикалык Харьков университетинин украин жана чет өлкөлүк адабият кафедрасынын башчысы, Украинанын улуттук журналисттер союзунун жана Украинанын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент Р.Мельников, жазуучу, Украинанын Китеп чыгаруу академиясынын доценти М.Якубовская жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары катышты.

          Львов шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Львов областынын мамлекеттик администрация жетекчиси О.Синютка жана Львов шаарынын мэри А.Садовой менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, тараптар Кыргызстан жана Украинанын ортосунда орундалган достук кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана илгерлетүүгө кызыктар экендигин билдиришип, мамилелердин өнүгүүсү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

  • 2018-жылдын 18-20 сентябрында Львов шаарында 25-Китеп форуму жана 13-Эл аралык адабият фестивалы болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK