2018-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Элчиликте Украинадагы ЕККУнун Атайын мониторинг кылуучу миссиясынын байкоочулары – кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

4044

Элчи Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кыргыз жарандарынын суроолоруна жооп берди. Кыргыз Республикасын татыктуу жактан көрсөтүп, консулдук каттоого турууга чакырып, Элчилик биздин жарандар ЕККУда иштеп жаткан учурда кездешкен ар түрлүү көйгөйлөрдү ар дайым чечүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз учурда байкоочулар – Кыргыз Республикасынын жарандары презентация түрүндө өздөрүнүн ЕККУдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндап беришти.

Жолугушуунун аягында дал ушундай жолугушууларды туруктуу түрдө өткөрүп туруу тууралуу макулдашылды.

  • Элчи  Ж.Шарипов ЕККУнун Атайын мониторинг кылуучу миссиясынын байкоочулары – кыргыз жарандары менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK