2020-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов, Кыргызстандын балчылар Ассоциациясынын өкүлдөрү жана мүчөлөрү К.Акматалиев, К.Алы, А.Асанбеков жана К.Байыш уулу Украинанын балчылар коомунун Президенти В.Стретович менен жолугушту.

5734

Тараптар бал тармагындагы кыргыз-украин өз ара перспективдүү кызматташтыгын талкуулашты, арылардын селекциясын, балды экспортоодогу технологиялар боюнча тажрыйба алмашып, ошондой эле, Кыргызстан менен Украинанын ассоцияцияларынын байланыштарын жандандыруу маселелерин сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында экинчи кыргыз-украин бизнес-форумунун алкагында, балчылардын Ассоциацияларынын ортосунда эки тараптуу кызматашуу жөнүндө Меморандумга кол коюу, кыргыз балчылары үчүн Украинанын И.Прокопович атындагы Институтунда кыска мөөнөттөгү окууларды уюштуруу жана балды өздөштүрүү боюнча чоң чарбаларда тажрыйба алуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Андан тышкары, Кыргызстандын балчылар Ассоциациясынын өкүлдөрү жана мүчөлөрү үчүн Украинадагы бал өндүрүш боюнча эң мыкты чарбаралардын бири «Апис-Украина» фермердик чарбасына экскурсия уюштурулду.

Экскурсиянын жүрүшүндө «Апис-Украина» фермердик чарбасынын кызматкерлери бал өндүрүшү менен тааныштырып, лабораторияларын көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

  • 2020-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов, Кыргызстандын балчылар Ассоциациясынын өкүлдөрү жана мүчөлөрү К.Акматалиев, К.Алы, А.Асанбеков жана К.Байыш уулу Украинанын балчылар коомунун Президенти В.Стретович менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK