2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Роман Горяйнов менен жолугушту.

4040

2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Роман Горяйнов менен жолугушту.

Тараптар консулдук чөйрөдөгү бир катар эки тараптуу кыргыз-украин маселелерин талкуулашты, тактап айтканда, Кыргыз Республикасын миграциялык тобокелдикке кирген өлкөлөрдүн катарынан чыгаруу, жарандарга Украинага виза берүү процедурасын либералдаштыруу, эки тараптуу консулдук консультацияларды өткөрүү, укуктук базаны кеңейтүү, Украинанын аймагында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдуктарын ачуу.

Мындан тышкары, Тараптар чет элдик студенттердин санын көбөйтүүгө кызыктар экендигин белгилешип, билим берүү чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдиришти. Кыргыз тарап билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору жактыруу стадиясында экендигин белгиледи. Украин тарап ушул жылдын күз айына чейин ишке киргизилиши пландаштырылган электрондук аянтча жөнүндө, Украинанын ЖОЖдоруна документтерди тапшыруу үчүн маалымат берди.

Жолугушуунун аягында Тараптар консулдук чөйрөдө болгон эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыктар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK