“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) – 2021-жылдын 11-апрели

4175

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) – 2021-жылдын 11-апрели

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде, жекшемби күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигининде (№ 9022 УШК) шайлоо участогу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.
Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Элчиликтин дарегине иш күндөрүндө саат 9:00 – 18:00 чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. 
Ошондой эле, арыз түшкөн учурда шайлоочуну Элчилик убактылуу консулдук каттоого турган жарандын негизинде каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөтекө ишке ашырылат. Бул иш чараны 2021-жылдын 27-мартына чейин аткаруу зарыл.
Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.
Эгер кандай бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 27-мартына чейин Элчиликке арыз менен кайрылусуу зарыл. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогундаа акыркы тизме илинет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK