Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2019-жылдын 19-мартындагы пресс релизи

6498

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жыл сайын өткөрүлгөн, Украинадагы Азербайджандын, Афганистандын, Ирандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркиянын, Өзбекстандын Элчиликтери жана эл аралык “Outlook” долбоорунун катышуусу менен Эл аралык Нооруз майрамын белгилөө иш чарасына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга жана келген конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, кыргыз ашканасынын татымдары тартууланып, Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу китепчелер таркатылган.

Элчиликтин кызматкерлери конокторго кыргыз элинин салты, үрп-адаттары жана кол өнөрчүлүгү, улуттук кийимдердин жасалгасы жана мааниси жөнүндө кеңири маалымат берилип, Украинада билим алып жаткан студенттер кыргыз тилинде ыр аткарышты.

Элчилик тарабынан жасалгаланган Кыргыз Республикасынын бурчу келген өзгөчө кызыкчылыгына ээ болду.

 

  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык
  • Эл аралык

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK