Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2020-жылдын 23-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

5044

Казакстан Республикасы авиакаттамдарды ачып жаткандыгынан жана Мекенге кетүү маселеси менен кыргыз жарандарынын кайрылгандыгынан улам, Элчилик өз алдынча билеттерди сатып албоого чакырат, анткени Казакстандын аймагына кирүүгө чет өлкөлүктөргө дагы деле тыюу салынган. Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагынан транзиттик өтүүсү алдын-ала эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун макулдашуусу менен ишке ашат.

Андыктан Мекенге кайтууну каалаган жарандар Элчиликке +380-68-903-36-99 телефон номери аркылуу байланышып, толук жана туура маалымат алса болот.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактанууга жана эл көп топтолгон жерлерге барбоону сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK