Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

3132

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү күнү болуп белгиленген.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде № 9022 шайлоо участогу уюштурулган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоодо турган жана биометрикалык маалыматтарын берген жарандар тийиштүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтындагы же “Тизме” мамлекеттик порталындагы шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн текшерип алышы керек.

Киев шаарындагы № 9022 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине кирбей калган учурда жаран Элчиликке келип, өздүгүн тастыктаган документтерин – жалпы жарандык (чет элдик) паспортун же КР жаранынын паспортун (ички паспорт - ID-карта) көрсөтүп, инсандыгын идентификациялоодон өтүүсү керек. Мындан соң жаранды Киев шаарындагы № 9022 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине киргизүү үчүн маалымат БШКга жөнөтүлөт.

Арыздарды участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо белгиленген күнгө чейин 15 күн калган убакытка чейин тапшырууга болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK