Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

2710

Учурдагы кырдаалды, ракеталык жана бомба чабуулунун уланып жаткан коркунучун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын жарандарын кырдаал толугу менен турукташканга чейин Украинанын аймагына баруудан жана чыгып кетүүдөн баш тартууга чакырат. 

Мажбурлап калган жарандарга абадан коргонуу системалары тарабынан аба эскертүүсүн жарыялоодо коменданттык саатты, талаптарды жана инструкцияларды так сактоо сунушталат. Эл көп чогулган жерлерге баруудан, стратегиялык маанидеги объектилердин жанында болбоңуз жана жеке коргонуу шаймандары менен жүрүңүз.

Кыш мезгилинде электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйлөрүнө жана ага байланыштуу башка факторлорго жана аскердик абалдын шарттарына байланыштуу авариялык аптечканы, жылуу кийимдерди, эң керектүү товарлардын запастарын даярдоо зарыл.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги келген өлкөдөгү кырдаалга ылайык, кадимки режимде ишин улантууда.

Элчиликке Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук жана башка жардам көрсөтүү үчүн оперативдүү байланышты камсыз кылуу үчүн консулдук каттоого туруу же өзүңүз жөнүндө маалыматтарды жаңылоо зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK