Маалыматтык билдирүү

2573

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Азыркы кезде Элчилик жана Министрлик Украинанын аймагында калып жаткан Кыргызстандык жарандардын баарын телефон аркылуу байланышып, жакынкы күндөрү Польшадан акысыз негизде пландаштырылып жаткан авиа каттамдардын уюштурулары туупалуу маалымат берүүдө.

Жарыяда жарандарга Львов шаары аркылуу Украина-Польша чек арасына чейин Львов шаары аркылуу өтүү сунушталат. Ал эми Львовго бекер эвакуациялоочу поезд, автобустар жана таксилер менен жетүүгө болот.

Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо үчүн жөнөтүлгөн Тышкы иштер министрлигинин ыкчам тобу Варшавадан Бишкекке чартердик рейсти уюштуруу маселесин иштеп жатат (алдын ала учуу күнү – 2022-жылдын 11-марты).

Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигинин консулу тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы миссиясынын өкүлдөрү тарабынан пландалып жаткан авиа каттамдын жүргүнчүлөрүнүн тизмесине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн тиешелүү документтерди тариздөө үчүн Чехия Республикасына келип иш алып барууда.

Ушуга байланыштуу Чехиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана өкүлдөрүнүн Кыргызстандын жарандарын чогултууда, ошондой эле мекендештерди Польшадан Чехияга алып келүүдө активдүү жарандык позициясын жана ар тараптуу жардамдарын белгилейбиз.

Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы, Венгриядагы, Германия Федеративдүү Республикасындагы, Автрия Республикасындагы, Түркия Республикасындагы, Беларусь Республикасындагы Элчиликтери, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польшада, Румыниядагы жана Венгриядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугу тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу Мекенине кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380507763494, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK