Украинага кирүү жөнүндө маанилүү маалымат

4825

Украинанын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-мартындагы N 230 токтому менен Украинанын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 9-декабрындагы o 1236 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

2021-жылдын 24-мартынан тартып,  бардык чет элдик жарандар Украинага кирүү үчүн, Украинада катталган камсыздандыруу компаниясы тарабынан берилген камсыздандыруу полисине (күбөлүк) ээ болушу керек.

Мамлекеттик чек арадан өткөнгө чейин 72 сааттан ашык эмес жүргүзүлгөн полимераздык чынжырлуу реакция ыкмасы менен COVID-19 тестинин терс натыйжасы Украинанын чек арасынан өтүү үчүн болуусу шарт.  

12 жашка чейинки балдарга ПЦР тестин кереги жок.
Чет элдик жарандар үчүн Украинада ПЦР тестинен өтүүгө же өзүн изоляциялоого мүмкүнчүлүк жок. ПЦР тест жана  камсыздандыруу полиси жок болсо, Украинага кирүүгө же транзиттик жүрүүгө тыюу салынат.

Полис тууралуу  суроолоруңуз болсо, portal https://visitukraine.today/ua маалымат порталындагы маалымат менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK