Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

4100

Ч.Айтматовдун 90-жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө кабыл алынган иш-чаралар Планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украинанын Киев шаарынын Улуттук жазуучулар Союзу жана Самед Вургун атындагы Коомдук китепкана менен биргеликте Ч.Айтматовун украин тилине которулган чырагмалар жыйнагын (“Тоолор кулаганда”, “Чынгызхандын ак булуту”, “Уул менен көрүшүү”) калкка тартуулоо иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарага жыйнакты которгон котормоочу М.Васькив, С.Вургун атындагы коомдук китепкананын жетекчиси Г.Чеботарева, Киев шаарынын Улуттук жазуучулар Союзунун кызматкери М.Гончарук, акын, жазуучулар, журналисттер, маданий жана коомдук ишмерлер катышты.

Андан сырткары презентация учурунда филология илимдеринин кандидаты, украин жазуучуларынын ассоциациасынын вице-президенти Л.Дядченко украин тилинде “Тоолор кулаганда романынан” үзүндүлөрдү окуп берди.

  • Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү
  • Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү
  • Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK