Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин Пресс-релизи 2019-жыл 17-январь

5451

2019-жылдын 16-январында Киев шаарында, Мариинск хан сарайында Украинанын Президенти П.Порошенко Украинада аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын башчылары үчүн уюштурулган, жыл сайын боло турган салттык жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов катышты.

Жолугушуунун учурунда Элчи Ж.Шарипов жубайы Н.Шарипова менен Украинанын Президенти П.Порошенкону жана анын жубайы М.Порошенкону жаңы жыл менен куттуктап, аларга чын ден-соолук, бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Украин элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин  Пресс-релизи 2019-жыл 17-январь

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK