2021-жылдын 30-апрелинде КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министриР.Казакбаев Түрк Кеңешинин (Түрк тилдүүмамлекеттердин кызматташтык кеңеши) Башкыкатчысы Б.Амреев менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуусүйлөштү.

3648

2021-жылдын 30-апрелинде КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министриР.Казакбаев Түрк Кеңешинин (Түрк тилдүүмамлекеттердин кызматташтык кеңеши) Башкыкатчысы Б.Амреев менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуусүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев тараптар ок атышпоо боюнчамакулдашууга жетишкенин жана кырдаалдысүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салууга ниеттенипжаткандыгын билдирди. Ал 2021-жылдын 29-апрелиндеги окуялардын жүрүшү жанаКыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагыабал жөнүндө маалымат берди. Ал кыргызтарабынын эл аралык эки тараптуумилдеттенмелерди жана келишимдердикарманарын баса белгиледи.

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Б.Амреевказа болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишинкаалады. Ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан РеспубликасынынСогди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуужаңжалды жөнгө салуу боюнча Протоколго жанакырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуубоюнча жетишилген башка макулдашууларгажогору баа берди.

Ошону менен бирге, Б.Амреев тынчтык жөнгөсалуудагы кыргыз тараптын салымын өзгөчөбелгилеп, жана Түрк тилдүү мамлекеттердинкызматташтык кеңешинин ар тараптуу жардамкөрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле, Министр Р.Казакбаев мененБашкы катчы Б.Амреев Түрк Кеңешининалкагындагы актуалдуу маселелерди, анын ичиндеэӊ жогорку жана жогорку деңгээлде боло турганиш-чаралардын графигин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK