Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" № 4 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Украинанын Одесса шаарына жана Молдовага жарандарга консулдук кызмат көрсөтүү максатында иш сапар уюштурулду.

3709

Иш сапардын жүрүшүндө Украинанын чыгыш-батыш аймагында (Одесса, Хмельницкий, Николаев облусттарында) жана Молдовада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтар жана консультациялар берилди.

Тактап айтканда, жалпы 70 жаранга ар түрдүү консулдук тейлөө кызматтары көрсөтүлдү, анын ичинде документтештирүү боюнча ар кандай маселелер - жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортторду жаңыртуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алуу, нотариалдык кызмат жана оозеки түшүндүү иштери жүргүзүлүп, жарандардын суроолоруна жооп берилди. Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү максатында, консулдук каттоого туруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жарандарга Элчиликтин ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди.

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK