Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинанын Министрлер Кабинетинин алдындагы Ишкерлер кеңешинин төрагасы Л.Козаченко менен жолугушту

142

2023-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинанын Министрлер Кабинетинин Ишкерлер Радасынын жетекчиси Л.Козаченко менен жолугушту.

Л.Козаченко кыргыз элин мусулмандардын Орозо айт майрамы менен куттуктап, бакубатчылык каалады.

Тараптар Кыргызстан менен Украинанын бизнес чөйрөсүндөгү мындан аркы кызматташуусун талкуулап, өлкөдөгү аскердик кырдаалга карабастан, өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык мамилелерди жана экономикалык дипломатияны активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Региондогу аскердик-саясий кырдаалдын өзгөрүшүн, ошондой эле жалпысынан бир катар багыттар боюнча экономикалык кызматташтыкты эске алуу менен логистикалык экспорт-импорттун альтернативдүү жолдору өзүнчө каралууда.

Ошону менен бирге Ишкерлер Радасынын жетекчисине Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлор көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун кызыкчылыгында соода жана ишкердик байланыштарды чыңдоо ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK