Маалыматтык билдирүү
Ушул жылдын 2-февралында Киев шаарында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери: Палестинанын – Хашим Даджани мырза, Вьетнамдын – Хонг Тхач Нгуен мырза жана Азербайжандын – Сеймур Мардалиев мырза менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда меймандар менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланып, согуштук абал учурунда Киевде коопсуздук чаралары жөнүндө пикир алмашылды. Элчилер сектор Газада болгон чыр-чатак дүйнөлүк кырдаалга терс таасирин тийгизгенин белгилешти.
Элчи И.Кадыркулов Кыргызстанда болуп жаткан реформалар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы экономикалык саясаты жөнүндө меймандарга маалымат берди.