Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Шевченко атындагы Киев улуттук университетинин студенттерине “Кыргыз -Украина мамилелери» темасында лекция өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80-жылдыгына карата, 2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Шевченко атындагы Киев улуттук университетинин студенттерине “Кыргыз -Украина мамилелери» темасында лекция өткөрүлдү.
Иш-чаранын катышуучуларына кыргыз дипломатиясынын калыптануу тарыхы, Кыргыз Республикасынын учурдагы тышкы саясий ишмердүүлүгү, кыргыз-украин мамилелеринин тарыхы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Украинада болгон шарттарда ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Катышуучуларга суроолорду берүүгө да мүмкүнчүлүк берилди.
Украинанын жогорку окуу жайынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигине иш-чараны өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарапты маанилүү дата – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80-жылдык мааракеси менен куттукташты.