КР Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80-жылдыгы жана “Нооруз” майрамына карата иш-чара өткөрүлдү

402

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына, 2024-жылдын 28-мартындагы жазгы "Нооруз" майрамына карата Кыргыз Республикасынын Киевдеги Элчилиги тарабынан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иш-чара өткөрүлдү.

Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" аттуу китебинин жана кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата Элчилик тарабынан чыгарылган чыгармаларынын жыйнагынын, ошондой эле КРнын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата Украиналык почта менен биргеликте чыгарылган лимиттелген юбилейлик почта маркасынын бет ачары болуп өттү.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Украинадагы дипломатиялык миссиясы жөнүндө видеоролиги көрсөтүлдү.

Мекендештерге Кыргыз Республикасындагы позитивдүү окуялар, Министрлер кабинетинин, Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин иши тууралуу маалымат берилди.

Ыйык "Рамазан" айынын урматына жана кыргыз улутунун өзгөчөлүгүн сактоо максатында, мекендештер үчүн, кыргыздын улуттук тамак-аштарын даярдоо менен "ооз ачар" уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги коопсуздук себептеринен улам абал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү же ага баруудан баш тартууну сунуштоодо.

Белгилүү болгондой, КРнын Президенти С.Н.Жапаровдун буйругу менен 2022-жылдын мартында КРнын Украинадагы Элчилиги тарабынан КРнын ТИМнин Консулдук департаментинин координациясы менен КРнын жарандарынын Украинадан эвакуациялоо иш-чаралары ийгиликтүү аяктаган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK