2019-жылдын 23-декабрында Кишинев шаарында КЫргыз Республикасынын Молдова Республикасындагы , резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Жусупбек Шарипов Молдова Республикасынын Парламенти тарабынан “Гагаузиянын өзгөчө макамы” жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышынын 25-жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш-чарага катышты.

6023

Бул иш сапардын алкагында Элчи Ж.Шарипов Молдова Республикасынын Тышкы иштер жана Европалык интеграция министрлигинин Мамлекеттик катчысы Георгэ Леукэ жана Чыгыш Европа жана Борбор Азия департаментинин жетекчиси Игорь Бодю менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун учурунда кыргыз-молдова мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланып, министрликтер аралык кеңешмелерди жана бизнес форум өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү.

Тараптар эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кызыктар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK