2020-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов “Всесвит” аттуу чет өлкөлүк адабияттын эл аралык журналынын 95-жылдыгына арналган салтанаттуу аземине катышып, Н.Лукаш атындагы “Котормо искусствосу” премиясын Б.Гринченка атындагы Киев университетинин журналистика кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, Ч.Айтматовдун романдарын жана повесттерин украин тилине которгон Н.Васькивге тапшырды.

5300

Аталган иш-чарага Украинанын маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү, жазуучулар, Чет өлкөлүк элчиликтердин жана басмаканалардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайдын окуучулары катышты.

Элчи Ж.Шарипов Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, анын чыгармаларындагы өзгөчөлүктөргө токтолуп, ошондой эле, 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөө боюнча Элчиликтин аткарган иш-чаралары тууралуу баяндады. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи Ж.Шарипов “Всесвит” журналынын жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын которгон котормочуунун Ч.Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөөгө жана Кыргызстан менен Украинанын маданий багыттагы кызматташуусунун өсүүшүнө эбегейсиз салымы тууралуу баса белгиледи.

Маалымат катары 2018-жылы “Всесвит” чет өлкөлүк адабият журналы толугу менен бир санды Ч.Айтматовго арнап, төмөнкү чыгармаларды жарыялаган «Ак жаан», «Атадан калган туякк», «Сыпайчы», «Кызыл алма», «Чыңгыз хандын ак булуту», «Уул менен кезигишүү», «Бахиана» жана пьесалар «Фудзиямадагы кадыр түн». Андан тышкары украин тилине которулуп, төмөнкү чыгармалар жарык көргөн «Тоолор кулаганда», «Кассандра тамгасы» жана О.Ибраимовдун китеби «Ч.Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу».

  • 2020-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов “Всесвит” аттуу чет өлкөлүк адабияттын эл аралык журналынын 95-жылдыгына арналган салтанаттуу аземине катышып, Н.Лукаш атындагы “Котормо искусствосу” премиясын Б.Гринченка атындагы Киев университетинин журналистика кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, Ч.Айтматовдун романдарын жана повесттерин украин тилине которгон Н.Васькивге тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK