Кыргызстан менен Молдованын ТИМ Башчылары телефондон сүйлөштү

4937

🇰🇬🇲🇩 📞 Кыргызстан менен Молдованын
ТИМ Башчылары телефондон сүйлөштү

2020-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Молдова Республикасынын тышкы иштер жана европалык интеграция министри О.Цуля менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Маектин жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин чөйрөсү талкууланды.

Эки тараптуу саясий кызматташууну активдештирүүнүн алкагында министрлер алдыда боло турган иш-чаралардын, сапарлардын графигин, анын ичинде, 2020-жылы тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү маселесин карап чыгышты.

Министрлер инвестициялык жана бизнес форумдарды уюштуруу жолу аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды орнотуу, өз ара аракеттенүүнү предметтик талкуулоо үчүн экономикалык сапар миссияларын уюштуруу, анын ичинде, айыл чарбасында тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Эл аралык уюмдардын алкагындагы шайлоо иштеринде колдоо көрсөтүү маселеси боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле министрлер COVID-19 пандемиясына байланышкан абалды, атап айтканда, коомдук саламаттыкты сактоо жана коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK