2020-жылдын 29-майында видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын жана Болгариянын ортосунда Тышкы иштер министрликтеринин кеңешмелери болуп өттү.

4805

2020-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын жана Болгария Республикасынын ортосунда Тышкы иштер министрликтеринин кеңешмеси  видеоконференция форматында болуп өттү. Кыргыз делегациясын - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров, Болгар делегациясын  - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары П.Дойков жетектешти.

Кеңешменин алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу боюнча кеңири баардык суроолор талкууланып, жакынкы жана алыскы мөөнөттөрдө кызматташуу боюнча мындан кийинки кадамдар белгиленди.

Тараптар саясый диалогту автидештирүүнү жана парламенттер жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жандандырууну макулдашышты.


Соода-экономикалык мамилелерди илгерлетүү, инвестициялык жана бизнес-форумдарды өткөрүү, кызктар болгон мекемелер менен түздөн-түз карым-катнаш түзүү жөнүндө макулдашуулар болду.
Кеңешменин жүрүшүндө эл аралык умдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселеси каралып, БУУнун алкагында анын уставдык органдарына көрсөтүлгөн талапкерликтерди өз ара колдоо жөнүндө макулдашылып, Европа биримдигинин алкагында кызматташуу маселеси сүйлөшүлдү, ошондой эле консулдук суроолор боюнча дагы сүйлөшүү болду.

Эки тараптуу укук келишимдик базаны кеңейтүү жөнүдө макулдашылды.

  • 2020-жылдын 29-майында видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын жана Болгариянын ортосунда Тышкы иштер министрликтеринин кеңешмелери болуп өттү.
  • 2020-жылдын 29-майында видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын жана Болгариянын ортосунда Тышкы иштер министрликтеринин кеңешмелери болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK