2020-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Соода жана өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү Украинанын Агрардык илимдеринин улуттук академиясынын булалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү институту менен биргеликте видео конференц байланышы аркылуу Кыргызстандын кызыктар болгон агрардык секторунун бизнес өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын аймагында техникалык кара куурайды өстүрүү тууралуу консультация өткөрүштү.

4697

Консультациянын жүрүшүндө курамында тетрагидроканнабинол (баңги зат кошулбаган) аз өлчөмдө болгон жаңы кара куурайдын түрлөрүн өстүрүү тууралуу украин тарап өзүнүн илимий жана иш жүзүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүп, өстүрүүнүн технологиялык жактары, айыл чарба өсүмдүгүн чогултуу жана кайра иштетүү, ошондой эле, аны өстүрүүдөгү мыйзамдар тууралуу маек курушту.

Өзгөчө маани баңги затын камтыбаган кара куурайдын жаңы түрлөрүн өстүрүүдөгү украиналык тажрыйбага берилди.

Консультациянын жыйынтыгында, тараптар тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашып, Бишкек шаарында урук өстүрүү жана жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүү борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тууралуу сүйлөшүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK