Кыргыз Республикасына жарандарды кайтаруу тууралуу маалымат

5350

2020-жылдын 8-июлунда "Avia Traffic Company" авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы боюнча рейси менен Кыргыз Республикасынын 182 жараны Мекенине кайтарылган.
Чартердик рейс Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, коронавирустун пандемиясынын жайылышына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышына жана эл аралык жүргүнчү аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн жана Мекенине кайта албай жаткан жарандарды кайтарып берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жүргүзүлдү.

Бул рейсте 63 жаран Элчиликтин консулдук округунан Кыргыз Республикасына кайтарылган. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Элчилик тарабынан түзүлгөн.

Тактап айтканда, Беларуссия, Украина, Австрия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланды, Польша, Франция жана Швейцариядан келген кыргызстандыктар да ушул рейсте кайтып келишкен.
Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги Элчиликтерине мурда берилген арыздардын негизинде түзүлгөн.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.

  • Кыргыз Республикасына жарандарды кайтаруу тууралуу маалымат

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK