Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандарды Мекенге кайтаруу тууралуу маалымат

5291

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2020-жылдын 3-августунда Беларусь Республикасынан "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын "Минск-Бишкек" багыты боюнча Кыргыз Республикасынын 137 жаранын Кыргызстанга кайтып келиши жөнүндө билдирет. Украинадан Кыргыз Республикасынын 82 жараны Мекенине кайтарылган.
Чартердик рейс Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, чет өлкөлөрдө жүргөн жана чек аралар убактылуу жабылып, эл аралык жүргүнчү каттамдарынын токтотулушунан улам мекенине кайта албай жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу иштеринин алкагында жүргүзүлдү.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиликтери тарабынан Кыргыз Республикасынын Европа өлкөлөрүндөгү чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын жарандарын Европа өлкөлөрүнөн кайтаруу максатында түзүлгөн. Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары, анын ичинде Украина, Беларусь, Австрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Польша, Швеция жана Финляндиядан келген студенттер ушул рейс менен кайтып келишти.
Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Европа мамлекеттериндеги чет өлкөлүк мекемелерине мурда берилген арыздардын негизинде түзүлгөн.
Чет өлкөлөрдө жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып келүү боюнча иш-чаралар улантылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK