Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 20-мартындагы билдирүүсү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы абалдын кандай таризде өзгөрүп жаткандыгына, Крымдын айланасында болуп жаткан окуяга дыкаттык менен байкоо жүргүзүп, кагылуушунун эскалациясына бушайман болууда.

Бүгүн Украинаны ушул абалга алып келгендигинин, бир топ жарандардын курман болдугунун себеби катары, Украинанын мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн ойлонбой туруп жүргүзгөн саясаты экендигин Кыргыз Республикасы дагы бир ирет белгилейт.

Ошол эле учурда 16 мартта Крымдагы референдумдун жыйынтыктары Автономдук Республиканын калкынын көпчүлүгүнүн ою. Референдум боюнча кандай гана ойлор айтылбасын, бул объективдүү чындык.

Ошондуктан, азыркы оор заманда өлкөнүн жетекчилигине келген саясатчылардын өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилиги чоң. Жаңы бийликтин кадамдары Украинадагы стабилдүүлүктү жана тынчтыкты сактоого багытталышы зарыл, албетте курал-жарак колдонбостон.

Кыргызстан өз жаңы тарыхында эки революцияны көргөн. 2010-жылы болгон апрель революциясынан кийин “эки жүздүү” саясат жүргүзбөстөн, эл аралык өнөктөштөр менен болуп жаткан аракеттерде ырааттуулук болушу шарт экендиги анык далилденген.

Кыргыз Республикасы бардык тараптарды Бириккен Улуттар Уюмунун уставында көрсөтүлгөн эл аралык укуктун чегинде ой-келишпестиктерди чечүүсүн сунуштайт.