Дипмиссиянын Башчысы жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы

Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси

КУШЧУБЕКОВ ТАЛАНТБЕК ЧОЮБЕКОВИЧ

Туулган күнү жана жери:

11.02.1958ж. Кыргыз ССРинин Талас областына караштуу Ленинополь районунун Таш-Кудук айылында туулган.

Билими жогорку:

1975-1976 - жылдары Фрунзедеги политехникалык институттун студенти.

1976-1982-жылдары Ташкент мамлекеттик университетинин студенти. Адистиги - чыгыш таануучу-арабист.

Эмгек жолу:

1982-1991-жылдары - СССРдин  Министрлер Кеңешинин алдынагы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу улук инспектору Кыргыз ССР боюнча.

1991-1992-жылдары - жетектөөчү эксперт, адистештирилген ГКВЭС компаниясынын директору.

1992-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Жакын жана Орто Чыгыш, башкармалыктын башчысы.

1996-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркиядагы  Элчиликтин кеңешчиси.

1997-1998-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары.

1998-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиликтин кеңешчиси.

2002-жылы - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча элчиси.

2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары.

2003- 2005-жылдары- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 1-орун басары.

2005-жылдан бери - Тышкы саясат кеңешинин мүчөсү.

23.12.2021-жылдан бери  Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчичси .

Орус, англис, турк жана араб тилдеринде сүйлөйт.

Дипломатиялык рангы:

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангы бар.

Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.