2022-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажаристан Ректорлор конференциясынын Башкы катчысы Золтан Дубеци менен жолугушту.

1183

2022-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажаристан Ректорлор конференциясынын Башкы катчысы Золтан Дубеци менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Мажаристандын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун деңгээли тууралуу пикир алышты, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы бул кызматташтыкты бекемдөөнүн келечегине жана пландарына кыскача талкуулады.

Өз кезегинде З.Дюбеци Мажаристандын Ректорлор конференциясынын иши жана аны өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары тууралуу кеңири айтып берди, ошондой эле акыркы жылдары Мажаристандын ЖОЖдорунда ишке ашырылып жаткан түрдүү программалар тууралуу маалымат берди. З.Дюбеци ошондой эле университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK