Дипломатиялык миссиянын башчысы
Анвар Арсланович АНАРБАЕВ
ТУУЛГАН КҮНҮ:
31-июль 1982-жыл (Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы).
БИЛИМ:
1999-2003-жылдары: Кыргыз-Орус Славян университети, Бишкек, Кыргыз Республикасы (саясат таануу);
2003-2004: Кыргыз-Орус Славян университети, Бишкек, Кыргыз Республикасы (эл аралык мамилелер).
ТАЖРЫЙБА:
2023-ж. декабрынан азыркы учурга чейин: Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси;
2022-ж. августу – 2023-ж. декабры: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин директору;
2020-ж. сентябры - 2022-ж. августу: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин директору;
2016-ж. декабры – 2020-ж. августу: Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин кеңешчиси, Вашингтон, АКШ;
2016-ж. февралы - 2016-ж. ноябры: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин директору;
2015-ж. ноябры - 2016-ж. февралы: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин кеңешчиси;
2013-ж. майы - 2015-ж. октябры: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Талдоо, пландаштыруу жана тышкы саясатты координациялоо департаментинин биринчи катчысы;
2008-ж. апрели - 2013-ж. апрели: Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Башкы катчысынын жардамчысы, Пекин, Кытай;
2004-ж. декабры - 2008-ж. апрели: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ШКУнун Улуттук координаторунун Аппаратынын Атташеси, 3-катчысы, 2-катчысы.
ТИЛДЕР:
Англис, француз.
ҮЙ-БҮЛӨ:
Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.
КОШУМЧА МААЛЫМАТ:
2013-жылдын февраль айында уюмду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ШКУнун Грамотасы менен сыйланган.
2018-жылы ЖККУнун «Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн» медалы менен сыйланган.
2021-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
«2-класстагы кеңешчи» дипломатиялык рангы бар (2020-ж.).