Нотариалдык маселелер
Малайзиядагы Кыргыз Републикасынын Элчилигинин консулдук бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасындагы укуктук аракеттерди ишке ашырууда нотариалдык иш- аракеттерди жүргүзөт.
Нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн арыз берүүчү өзү келип төмөнкү зарыл болгон документтерди тапшырууга тийиш:
- Малайзиядагы Кыргыз Републикасынын Элчилигинин атына ишеним катты тариздөө тууралуу же аты-жөнүн, жашаган жерин, электрондук дарегин, телефон номерин көрсөтүү менен арызды тариздөө тууралуу арыз;
- Жалпы жарандык паспорттун;
- Арыз берүүчүнүн жана ишенимдүү адамдын ички ID картасынын (эки тараптыкы) көчүрмөлөрү;
- Консулдук акы 50 АКШ долларын түзөт.
- Айрым учурларда мындан башка кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.