Нотариалдык маселелер
Малайзиядагы Кыргыз Републикасынын Элчилигинин консулдук бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасындагы укуктук аракеттерди ишке ашырууда нотариалдык иш- аракеттерди жүргүзөт.
Нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн арыз берүүчү өзү келип төмөнкү зарыл болгон документтерди тапшырууга тийиш:
- Малайзиядагы Кыргыз Републикасынын Элчилигинин атына ишеним катты тариздөө тууралуу же аты-жөнүн, жашаган жерин, электрондук дарегин, телефон номерин көрсөтүү менен арызды тариздөө тууралуу арыз;
- Жалпы жарандык паспорттун;
- Арыз берүүчүнүн жана ишенимдүү адамдын ички ID картасынын (эки тараптыкы) көчүрмөлөрү;
- Документтин түрүнө жараша төмөнкүлөр берилет::
- жашы жетпеген баланы чет өлкөгө коштоп барган учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана баланын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
- кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү башкаруу укугу болгон учурда-укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү (техпаспорт, үй китеби, автомашинанын техпаспорту, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.). - Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт.
Маанилүү маалымат:
Арыз ээлерине ыңгайлуу болушу үчүн ишеним катка арыздарды алгачкы кабыл алуу жана ишеним каттын текстин алдын ала макулдашуу үчүн kgembassy.my@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу жүргүзүлөт, ошондой эле документтин келүү жана кол коюу датасы, убактысы белгиленет.