Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун тынчтыкты сактоо операциялары боюнча БУУнун Башкы катчынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен жолугушуу өткөрдү

1062

2022-жылдын 3-мартында, Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун тынчтыкты сактоо операциялары боюнча БУУнун Башкы катчынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, анын ичинде БУУнун эксперттеринин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине экзамен жүргүзүү максатында иш-сапары жана Кыргыз Республикасынын аскер-талаа ооруканасын БУУнун тынчтыкты сактоо миссияларынын бирине жөнөтүү боюнча маселелер талкууланды.

Өз кезегинде Жан-Пьер Лакруа Кыргызстанга тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал БУУнун Антонио Гутерриштин демилгесине – Тынчтыкты сактоо операциялары боюнча биргелешкен милдеттенмелер жөнүндө декларацияга кошулгандыгы үчүн кыргыз тарапка өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Министр Р.А.Казакбаев Жан-Пьер Лакруа менен 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун алкагында болуп өткөн жолугушуусунун жүрүшүндө, Жан-Пьер Лакруа БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин демилгесине - Тынчтыкты сактоо операциялары боюнча биргелешкен милдеттенмелер жөнүндө декларацияга кошулууну суранган эле. Кыргызстан Бул Декларацияга ушул жылдын 13-январында кошулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK