КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту

1483

2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Өнүгүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу Өкүл Луиз Чемберлен Кыргыз Республикасы менен БУУӨПтүн ортосундагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракет жасоо, ошондой эле БУУӨПтүн Кыргыз Республикасына карата 2023-2027-жылдардагы Өлкөлүк программалык документин кабыл алууга байланышкан эң актуалдуу багыттары боюнча сөз козгоду. Тараптар адам өнүгүүсү, Кыргыз Республикасынын калкына сууга, энергияга, медициналык кызматтарга, билим алууга мүмкүнчүлүк ачууга ж.б.у.с. өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экендиги боюнча бир пикирге келишти.

Министрдин орун басары Динара Кемелова Кыргызстандын алыскы айылдарды, алардын арасында Баткен облусун өнүктүрүү, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана жакырчылык менен күрөш сыяктуу багыттар боюнча активдүү иш жүргүзүүнүн маанилүү экенин белгиледи.

Динара Кемелова эл аралык фонддорго жана донордүк уюмдарга долбоордук документтерди даярдоо жана тапшыруу жаатындагы мамлекеттин жөндөмүн жакшыртуу боюнча кызматташтыктын маанилүүлүгүн да белгиледи. Туруктуу Өкүл Луиз Чемберлен БУУӨПтүн ушул жааттагы тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, бул багытта кызматташууга даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK