2019-жылдын 30-августунда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында “Бириккен Улуттар Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун ортосундагы Кызматташтык” аттуу резолюциясы консенсус аркылуу кабыл алынды

5768

2019-жылдын 30-августунда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында “Бириккен Улуттар Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун ортосундагы Кызматташтык” аттуу резолюциясы консенсус аркылуу кабыл алынды.

Бул резолюциянын долбоору БУУнун Башкы Ассамблеясынын кароосуна Россия Федерациясынын өкүлчүлүгү тарабынан көрсөтүлгөн, анын билдирүүсүндө бул документти иштеп чыгуу оңой өткөн жок, ошондой эле көп күч аракетти жана бардык тараптан конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү жана компромисс издөөгө даярдыкты талап кылды. Кыргыз Республикасынын ШКУдагы Төрагалыгынын алкагында 2018-жылдын ноябрынан 2019-жылдын июнуна чейин документ боюнча консультациялардын процесстерин координациялап, Кыргызстандын делегациясынын бардык этаптардагы ишин өзгөчө белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK