БУУ алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары Розмари ДиКарло менен жолугушту

6260

2019-жылдын 6-ноябрында БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары Розмари ДиКарло менен жолугушту.

Жолугушуунун учурунда тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун абалын жана келечектеги кызматташууну   талкуулашты. Кыргызстандын туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан оң өзгөрүүлөр тууралуу БУУнун Башкы катчысынын орун басарына билдирди. Ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын орун басарына, өлкөдөгү учурдагы саясий, экономикалык жана коомдук абал тууралуу, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү маселелер боюнча мааалымат берди.

Өз кезегинде, БУУнун Башкы катчысынын орун басары Розмари ДиКарло ушул жылдын июнь айында Бишкек шаарында ШКУнун Саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков менен ийгиликтүү жолугушуу өткөргөнүн белгилеп, БУУ мындан ары да Кыргыз Республикасынын демилгелерин колдоорун билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK