Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Татарстан Республикасында туруктуу жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолушуусу тууралуу

5254

 .

2019-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Татарстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Татарстан Республикасында туруктуу жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолушуусу өттү.

Жолугушууга Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары В.Шайхразиев мырза катышты.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Татарстан Республикасында туруктуу жашап жана эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар үчүн Россия Федерациясынын жана Татарстан Республикасынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди, Кыргызстандын жетекчилигинин жүргүзүп жаткан саясатынын багыттары тууралуу, алардын ичинде чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынун укук жана кызыкчылыктарын коргоо иши негизги артыкчылыктарынан экендиги тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын жарандарына укук жана консулдук маселелер боюнча кеңештер берилди. Ошону бирге ошол эле жерде айрым жарандардан консулдук документтери боюнча тиешелүү материалдар кабыл алынды.

Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK