Кыргыз Республикасында Казань федералдык университетинин филиалын ачуу маселеси боюнча акыркы чечим кабыл алынды.

1792

Кыргыз Республикасында Казань федералдык университетинин филиалын ачуу маселеси боюнча акыркы чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров менен Татарстандын Президенти Р.Н.Миннихановдун ушул жылдын февраль айында Москвада болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелерди бекемдөө боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында, Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Мариповдун Казанга болгон иш-сапары (ушул жылдын 29-30-апрели) учурунда Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын ачуу чечими кабыл алынган.

Бүгүн (2021 -жылдын 30 -июлунда) КФУнун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн жыйынында бул россиялык абройлуу университеттин Кыргызстанда филиалын түзүү чечимин бир добуштан жактырышты.

Казань федералдык университетинин Байкоочу Кеңешинин отурумуна Татарстан Республикасынын, РФ,  Президенти Р.Минниханов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Ж.Асанкулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.

Өз сөзүндө Р.Н.Минниханов Кыргыз Республикасы менен соода -экономикалык, илимий жана социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын түзүү Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.
Буга байланыштуу ЖОЖдун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө аталган билим берүү долбоорун колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Маалымат үчүн: Казань федералдык университети Россиянын алдыңкы жана эң байыркы университеттеринин бири (1804 -жылы негизделген), ошондой эле жогорку илимий -техникалык базага ээ. Чет өлкөлүк студенттердин саны боюнча КФУ россиялык ЖОЖдордун арасында экинчи орунда турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK