Элчиликтин, КРнын ИИМнин жана ММКнын РФдагы Өкүлчүлүктөрүн кызматкерлери Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисттери, Москва шаарында эмгектенип жатышкан кыргызстандык жарандар менен жолугушту.

4543

2019-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн күтүү залында Элчиликтин, КРнын ИИМнин жана ММКнын РФдагы Өкүлчүлүктөрүн кызматкерлери Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисттери, Москва шаарында эмгектенип жатышкан кыргызстандык жарандар менен жолугушту.

Жолугушууда КРнын жарандарына карата кабыл алынган “миграциялык мунапыс”, аны пайдалануу тууралуу кеңири маалымат берилип, башка консулдук укуктук документ алуу, консулдук кызматтардан пайдалануу боюнча маселелер талкууланды. 

Кызматкерлер залдан берилген бардык суроолорго жооп беришип, миграциялык мунапысты пайдалануу мөөнөтү тууралуу атайын даярдалган эскертмелер таркатылды, жана бул маалымат менен таанышуу КРнын РФдагы Элчилигинин сайтында http://kyrgyzembassy.ru/?p=18570#.XJ9cYNQS_Dc шилтемеси боюнча жайгаштырылгандыгы маалымдалды.

Ошону менен бирге жолугушууда бүгүнкү күндө миграциялык маселелер жаатында олуттуу маселелерден болгон чет өлкөдө жана КРда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, баланын жарандыгын таануусу боюнча ата-энесинин макулдугу, балага паспорт тариздөө, КРнын жарандарынын РФнын аймагында нике күбөлүгүн алуусу, милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу жана кош бойлуу кыз-келиндердин дарыгерлердин кароосунда болуу тартиптери боюнча суроолорго Элчиликтин кызматкерлери жана кыргыз диаспора активисттери тарабынан атайын чакырылган Москва шаарындагы медициналык борборлордун өкүлдөрү (“Дастан”, “Лидер” жана “Ваш доктор А” медборборлор) жооп беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында жалпы эмгек мигрантарга керектүү мындай пайдалуу жолугушууларды системалуу түрдө өткөрүп туруу зарылдыгы белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK