2019-жылдын 13-апрелинде Москва шаарындагы белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун эсетелиги коюлган Ч.Айтматов атындагы сейил багынынын аймагында ишембилик өттү

4082

2019-жылдын 13-апрелинде Москва шаарындагы белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун эсетелиги коюлган Ч.Айтматов атындагы сейил багынынын аймагында (Москва ш., Түштүк административдик округунун Данилов району) КРнын РФдагы Элчилиги Евразиялык Экономикалык Комиссиянын (ЕЭК), КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн, КРнын ИИМнин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдары, жалпы Москва шаарында убактылуу жашап, иштеп жатышкан жалпы мекендештер, ошондой эле Москва шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер менен биргеликте салтка айланып калган ишембилик өткөрдү. 

Кыргызстандыктар тарабынан Москва шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү ишембиликке быйыл белгилүү режиссер, КРнын кино өнөрүнүн легендарлуу инсаны Болот Шамшиев катышты.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Ч.Атматовдун атын алып келе жаткан эс алуу багын тазалоо, жашылдандыруудагы жалпы шаардык эмгек майрамына салымын кошууга чакырыкты кабыл алып, келген бардык мекендештерге чын дилден ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Москва шаарынын Түштүк административдик округунун Данилов районунун префектурасы Элчиликтин кызматкерлеринин жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрүнө Москва шаарынын эс алуу аймактарын жана бактарын тазалоо, жашылдандыруу сыяктуу мындай иш-чараларга активдүү катышуусун белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Москва жана Москва облусунун аймагында жашап, иштеп жатышкан кыргызстандыктар  ишембиликте эс алуу багына тиешелүү бардык аймактардагы, Ч.Айтматовдун эстелигинин айланасындагы арыктарды тазалоо, эски жылдан калган жалбырактар, акыр-чикирлерден арылтуу иштери жасоо менен бирге сейил бакты жашылдандыруу үчүн клен дарагынын көчөттөрүн отургузушту.

Ишембиликте керектүү эмгек шаймандары менен Москва шаарынын ТАОнун Данилов районунун префектурасы камсыздады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK