2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясынын (Бөлүмүнүн) кызматкерлери №1 Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына барды

1410

2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын (Бөлүмүнүн) кызматкерлери Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери жана КР ЖК Төрагасына караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар боюнча кеңештин коомдук өкүлдөрү менен биргеликте Россиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын (Красное Село) №1 Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына – ЦВСИГге барып, ЦВСИГдин жетекчилиги жана аталган мекемеде кармалган Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.

Иш - сапардын алкагында Борбордун жетекчилиги, аталган мекемедеги жарандарды тейлөөгө жооптуу инспекторлор менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө КР жарандарынын мекемеде болушу, КР жарандарын документтештирүү, ошондой эле КРга чыгуу тартиби боюнча маселелер талкууланды.

Борбордун өкүлдөрү менен болгон маектин жыйынтыгы боюнча коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен административдик чыгарууну күтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен тар чөйрөдө жолугушуу уюштурулду. Баарлашуунун жүрүшүндө Элчиликтин канцеляриясы коюлган бардык суроолорго кеңири жоопторду берди. Тактап айтканда, СВР берүүнүн тартиби, сот органдарында иштерди кароонун жол-жоболору, өлкөдөн чыгаруу тартиби, авиабилеттерди сатып алуу, укук бузуулар үчүн айып төлөө жана башкалар түшүндүрүлдү.

Ошол эле учурда Санкт-Петербург диаспорасынын активисттери Кыргыз Республикасынын жарандарына азык-түлүк пакеттерин тапшырышты.

Сапар учурунда ЦВСИГде Кыргызстандын 24 жараны болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK