Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин пресс – релизи: «Москвада Турар Тургуналиеванын декоративдик-кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөсү ачылды»

78

2023-жылдын 22-майында В.В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк Цивилизациялар университетинин имаратында «Боз үй дайым биз менен» долбоорунун автору Дамира Казакпаева тарабынан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Москва шаарындагы Кыргыз диаспора кеңешинин колдоосу менен уюштурулган  кыргыз саймачысы Турар Тургуналиеванын «Ыйык оюм» аттуу жеке көргөзмөсү ачылды.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчи-кичи Элчиси А.Омуркулова куттуктоо сөзү менен кайрылып,
көргөзмөнүн авторун куттуктап, россия тарапка берилген аянтча үчүн жана уюштуруучуларга кыргыз маданиятын, көркөм сүрөт жана декоративдик–кол өнөрчүлүк искусствосун жайылтууга, көчмөн элдердин маданиятын сактоого жана чагылдырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары Т.Тургуналиеванын чыгармачылыгы менен суктануу менен таанышып, анын сулуулуктун ажайып дүйнөсүн чагылдырган сүрөттөрүнө жогорку баа беришти. Таланттуу чебердин уникалдуу полотнолору жашоого болгон сүйүүнү жана табияттан ырахат алууну чагылдырат, байыркы саймаларды декоративдик искусствонун заманбап көркөм ыкмалары менен айкалыштырат, мында көчмөндөр мурасынын байыркы белгилери да көрүнүп турат.

Бул Т.Тургуналиеванын Москвадагы экинчи көргөзмөсү, ал буга чейин 2020-жылы Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында Москвадагы улуттар үйүндө өз эмгектерин көргөзгөн.

Маалымат үчүн: «Боз үй дайым биз менен» долбоору кыргыз элинин искусствосун жана каада-салтын изилдөө жана жайылтуу аркылуу көчмөндөр маданиятын жайылтууга,
маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу аларга мекендештерди жана башка улуттардын кызыккан өкүлдөрүн тартууга багытталган.

2023-жылдын 6-мартында Москва шаарында өткөн Кыргыз-россия аялдарынын биринчи форумунун алкагында кол коюлган меморандумга ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган. Көчмөндөр цивилизациясы музейинин башкы экспонаты – ичи толук жасалган кыргыз боз үйү. Музейдин жетекчиси болуп «Боз үй дайым биз менен» долбоорунун автору – кыргыз диаспорасынын активисти Дамира Казакпаева саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK