КР ТИМинин 2023-жылдын 31-октябрына карата маалыматтык билдирүүсү

374

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн 2023-жылдын 26-октябрынан тартып Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңыланган тартиби күчүнө киргизилгендигине бурат.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 26-октябрынан тартып чет өлкөлүк жарандарга Россия Федерациясынын миграциялык каттоо органдарына өздөрүнүн келгени жана жашы жете элек балдарынын келгендиги тууралуу https://www.gosuslugi.ru/ сайты аркылуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (функцияларды) көрсөтүүнүн бирдиктүү порталы” федералдык мамлекеттик маалыматтык тутумун колдонуу менен өз алдынча электрондук түрдө билдирүү укугу берилди.

Мүлк жалдоо (ижара) келишими түзүлсө, чет өлкөлүк жарандар менчик ээсинин кошумча макулдугусуз өздөрүнүн келгендиги жана келишимде көрсөтүлгөн жашы жете элек балдарынын келгендиги жөнүндө билдирүүнү өз алдынча (жеке же электрондук түрдө) бере алышат.

Ошону менен бирге, миграциялык каттоону жүргүзүүнүн жаңы тартиби күчүнө киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине мекендештерден чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого тургузуу үчүн турак жайдын менчик ээлеринен арыздарды берүүдөгү орун алган техникалык кыйынчылыктар, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы мүчүлүштүктөр жана каттоо фактысын тастыктоо үчүн көпкө күтүүлөр менен байланышкан кайрылуулар келип түшүүдө. Россияда чет элдик жарандардын көптүгүн жана миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдүн жаңылыктарын эске алып, бул кыйынчылыктар убактылуу деп эсептейбиз.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы бул жаңычылдыктар кыргыз тараптын сунуштарын эске алуу менен россия тарап тарабынан кабыл алынган. «Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө» Россия Федерациясынын Федералдык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү федералдык мыйзам кабыл алынганга чейин, кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында россия тарап менен комплекстүү иштерди жүргүзгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK