Штаб Кыргызстанга авиабилет алуу боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт

4571

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирустук инфекциянын таралып кетишине каршы аракет боюнча Штаб Кыргызстанга авиабилет алуу боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт.  

Коронавирустук илдетине байланыштуу дүйнө жүзүндөгү оор эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиа байланыштар, темир жол жана автоунаа жолдору азырынча жабык болууда, бул чектөөлөр убактылуу мүнөзгө ээ, бирок  COVID – 19 илдетине байланыштуу мындан ары узарышы мүмкүн.

Бардык өлкөлөрдөгү мындай оор акыбалга карабастан, россиялык жана кыргыз авиа ташуучуларга («Аэрофлот» «S7 Airlines», «Уральские авиалинии», «Авиатраффик») түздөн-түз тиешеси жок авиа билеттерди алыстан жана электрондук тартипте саткан, юридикалык жоопкерчилиги жок  ортомчу интернет-сайттар биздин мекендештерибиздин ишенимине кирип, туура эмес багыт берип, электрондук билеттерди сатууда, алардын максаты турмуштук оор абалда калып, мекенине кетүүгө муктаж болуп турган Кыргызстандык жарандардын акчасынан чөнтөгүнө пайда көрүү болуп саналат. 

Үзгүлтүксүз каттоочу авиа каттамдардын жоктугунан Кыргызстандын жарандары мекенине учпай калып, алган билеттеринин акчасын кайтара албай жаткан учурлар катталууда, анткени ортомчу билет сатуучу интернет сервистердин кардарларды колдоо жана алар кайра байланышуу кызматы жок жана билетке кеткен акчаны кайтарып алуу боюнча  жарандардын кайрылуусуна жооп берүүчү операторлору жок.

Ушуга байланыштуу Элчиликтин алдындагы Штаб мекендештерди авиа каттамдардын кайра жанданышы тууралуу расмий жарыялоого чейин ортомчу электрондук интернет сервистерден билет алуудан баш тартууга чакырат, ошондой эле каттамдар тууралуу бардык керектүү маалыматтарды россиялык жана кыргыз авиакомпаниялардын расмий маалымат байланыштарынан тактоого чакырат («Аэрофлот» 8 800 444 55 55, +7 495 223 55 55, «S7 Airlines» 8 800 700 07 07, «Уральские авиалинии» 8 800 77 00 262, +7 499 920 22 52, «Авиатраффик» +7 925 750 81 41, +7 967 036 48 35.

Ошондой эле социалдык тармактарда тарап жаткан Росссиядан Кыргызстанга автобус менен жүргүнчү ташуу тууралуу маалыматтар тууралуу да белгилеп кетебиз.  Россиялык-казакстандык чек ара автоунаа жана темир жол менен жүргүнчү ташуу үчүн жабык экендигин эске алганда, таралып жаткан маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын маалымдайбыз. Бул маалымат Казакстандан Кыргызстанга автобус менен КРнын жарандарынын алынып келиши тууралуу кабардан кесилип алынган.

         Азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча жана авиакаттамдардын жанданышы тууралуу расмий маалымат алуу үчүн күнү-түнү иштеген Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);

+7 925 103 29 11 – мобилдик( вотсап).

Элчилик КРнын жарандарын азыркы кырдаалга байланыштуу Россияда киргизилген тартип, эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүн жана жакындарын сак болууга чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK