Кыргыз-украиналык бизнес-форуму

7052

Украинанын Соода жана өнөр жай палатасында 2018-жылдын 3-4 июлунда кыргыз-украиналык бизнес-форум болуп өттү, анда 50 ашуун кызыктар болгон ишканалар жана Кыргызтан менен Украинанын тийиштүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин Кыргыз Республикасынын жана Украинанын Соода жана өнөр жай палаталарынын көмөгү менен уюштурулган.

Саламдашуу сөздөрү менен: Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Ш.Шарипов, Украинанын Социалдык саясат министрлигинин европалык интеграция маселелери боюнча министрдин орун басары А.Чуркин, Украинанын экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Европалык интеграция жана соода-экономикалык кызматташуу департаментинин жетекчисинин ору басары А.Мельниченко, Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр жай палатасынын Президенти М.Д.Шаршекеев, Украинанын Соода жана өнөр жай палатасынын вице-презиженти В.Король жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү кайрылышты.

Өз кириш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Ш.Шарипов уюштурулган форум кыргыз-украиналык бизнесмендер үчүн уюштурулуп, алардын соода-сатык мамилесин илгерлетүү максатын чагылдыргандыгын билдирди. Өз учурунда форум аркылуу жаңы кызматташууларга да жол ачылып, жаңы долбоорлорго өбөлгө түзүп берет. Ошондой эле, Кыргызстандагы бизнесмендер үчүн жасалган шарттар тууралуу кененирээк маалымат билдирди.

Кыргыз тобун 14 ишкана түзүп, алар айыл-чарба, тамак-аш, курулуш чөйрөсүндө жана жеңил өнөр жайда иш алып барган ишканалардан топтолгон. Алар Украинанын ишканалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бизнес-форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар болуп, тематикалык секциялар да уюштурулуп берилген: «Аграрная отрасль», «Машиностроение», «Легкая промышленность», «Транспорт и логистика», «Шоколадно-кондитерская отрасль» жана «Туризм». Ошондой эле, Кыргызстандан келген топ Василивское ишканасына (багбанчылык менен алектенет), сүт азыктарын чыгаруучу комбинат «ЖЛК-Украина», этти кайра иштетүүчү ишкана Белоцерковскко экскурсияга барып, алардын ишмердүүлүгү менен катышып келген.

Кыргыз тарабы украиналык тарапка Кыргыз Республикасынын экономикалык жана туризм мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кыскача видео-роликтерди көрсөтүп, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK