Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы

6154

«Украинанын борборунда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында украинанын улуттук балдар китепканасында кыргыз маданий мурастары менен таанышуу жумалыгы башталды».
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Ураинадагы элчилиги тарабынан Украинанын балдар үчүн Улуттук китепканасы менен биргеликте, Украинанын Маданият министрлигинин колдоосу астында уюштурулган.

Үстүдөгү жылдын 14-майынан тарта Украинанын Улуттук балдар китепканасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө алкагында кыргыз маданий мурастары менен тааныштыруу жумалыгы ачылды (http://www.chl.kiev.ua).

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кылымдар бою калыптанган тирүүлүгү туурасында айтып берди. Ошондой эле, Ж.Шарипов украин жаш окурмадарын кыргыз адабиятынын ренессансы болгон «Манас» эпосу жана Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө атактуу манасчы Талантаалы Бакчиев «Манас» эпосунан үзүндү аткарып, ал эми украиндердин Кыргызстандагы диаспорасынын төргасы Владимир Нарозя элдик жазуучу Мар Байжиевтин «Манас, Семетей, Сейтек жөнүндө баяндоо» аталыштагы автордук чыгармасынын украин тилинде презентациялады.

Талантуу Мария Наумова кеченин конокторун чопо-чоор, комуз,
ооз комуз сыяктуу кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарында белгилүү «Маш ботой»; «Эсимде» ж.б. күүлөр менен тааныштырды. Ал эми, Нуркамил Маткасымов баяндын коштоосунда ыр ырдады. Муну менен бирге коноктордун назарын кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү өзүнө буруп улуттук тамак-аш, ошондой эле элдик көркөм өнөр жасалгалары жана сүрөт көргөзмөсү болду.

Ачылган жумалыктын программасында келүүчүлөр, жаш-окурмандар үчүн Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштуруу; Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган линогравюрлар жана сүрөт көргөзмөсү, кыргыз элинин каада-салттары, жашоо-тиричилигин көрсөткөн видеотасмалар, улуттук сувенирлер, булгаары-тери жасалгалары жана улуттук ашкананы көрсөтүү белгиленген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK