Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинадагы Казакстандын жана Өзбекстандын Элчилери менен жолугушту

2051

2022-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов жаңы кызматка дайындалгандыгына байланыштуу, Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Калетаев, Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Курманов менен жолугушту.

Чет өлкөнүн Элчилери И.Кадыркуловду кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалашты.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы бар болгон достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирип, ошондой эле, алар элчи болуп дайындалган өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар жана актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда, Элчи И.Кадыркулов Казактандын жана Өзбекстандын Элчилерине жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуулар достук маңызда өттү.

  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинадагы Казакстандын жана Өзбекстандын Элчилери менен жолугушту
  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинадагы Казакстандын жана Өзбекстандын Элчилери менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK