2020-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Калетаев менен жолукту.

4859

Элчи Ж.Шарипов Элчи Д.Калетаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда бар болгон достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирип, ошондой эле, алар элчи болуп дайындалган өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар жана актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда, Казакстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Калетаев Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 Жолугушуу достук маңызда өттү.

  • 2020-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Калетаев менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK