2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Экономика жана өнөр жай министрлигинин Тышкы экономикалык кызматташтык дирекциясынын директору Д.Костадинова менен жолугушту.

2423

2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Экономика жана өнөр жай министрлигинин Тышкы экономикалык кызматташтык дирекциясынын директору Д.Костадинова менен жолугушту.

Элчилик чет элдик инвесторлорго жеңилдиктерди берүү, салык жана бажы талаптарын либералдаштыруу, инвестициялык климат, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берди.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.

Болгар тарап Кыргыз Республикасы менен Болгария Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүгө, ошондой эле экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүүгө багытталган макулдашуулардын долбоорлорун кароого даяр экендигин билдирди.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуунун мындан аркы пландарын талкуулашты, тармактык бизнес форумдарды жана туристтик жарманкелерди өткөрүү аркылуу эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү жана кеңейтүү үчүн туруктуу платформа түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Чыгыш Европада Болгария өлкөнүн экономикасынын негизги жана бюджетин түзүүчү тармактары болуп саналган айыл чарба жана туризм тармактарын өнүктүрүү боюнча алдыңкы орунда турат.

  • 2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Экономика жана өнөр жай министрлигинин Тышкы экономикалык кызматташтык дирекциясынын директору Д.Костадинова менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK